15 июл 2019
Мен эмнеден уялам...? Мен уялам жалган сөздөр айтуудан, Сөздү берип кайра андан кайтуудан. Сөз талашып убакытты өткөргөн, Зыяны көп мааниси жок талкуудан. Мен уялам билем дештен баарысын, Көзгө илбей жашын дагы каарысын. Бой көтөрүп деңгээлимди билбестен, Көп сүйлөөдөн эске албай маңызын. Мен уялам сыноолорго сынуудан, Сыноолорго сабырсыздык кылуудан. Өзүмдү өзүм башкара албай кээ күнү, Билип туруп туура жолдон чыгуудан. Мен уялам билип туруп кылбасам, Билим алып алга карай жылбасам. Зыян жака тарткан дайым напсиме, Ээлик кылып жаман жактан тыйбасам. Мен уялам жаман ишти башташтан, Жаман жака адат кылып катташтан. Мекенимдин түкүргөнсүп бетине, Таштандыны жер тандабай ташташтан. Мен уялам айткан кээ бир сөзүмөн, Үмүт арткан ата энемдин көзүнөн. Шүгүр кылбай абалыма наалыймын, Көп уялам Жараткандын өзүнөн.
Керимбек Акматбеков Эркетавич
1:27
3 КОММЕНТАРИЯ
Бактыгул Конгайтиева
ЫрЫс М
Almanbet Maksutov
Раскадровка